• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Жашоо минимумунан аз пенсия алгандардын саны канча? Чек арачылар үйлүү болду

15 Аяк оона 2023 18:23 Бишкек Govori.TV

ПЕНСИЯ КАНЧА СОМГО КӨБӨЙӨТ?

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсия 38% , 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Алиевдин айтымында, ага 3,9 миллиард сом каралды.

Пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү 30 миң сомдон ашкан жарандарга канча акча кошулары учурда эсептелип жатканы кошумчаланды. Кыргызстанда 100 миңге жакын жаран жашоо минимумунан төмөн пенсия алат. Азыркы учурда пенсионердин жашоо минимуму 6 миң 813 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 762 миң пенсионер бар.

ЖЫЛЫТУУ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫК

2023-жылы жалпы республика боюнча электр энергиянын керектөөсү 17,4 млрд кВт/с пландаштырылды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдириди.

Министрдин айтымында, анын ичинен 14,2 млрд кВт/с ГЭСтерден жана ЖЭБден өндүрүлөт, калган 3,2 млрд кВт/с дефицитти Түркмөнстан, Казакстан жана Россиядан импорттоо пландаштырылды.

Министр кошумчалагандай, 2023-2024-жылы жалпы республика боюнча 2 млн 746,4 миң тонна, анын ичинен бюджеттик мекемелерге – 298,9 миң тонна керектелет. Ар бир айга план бекитилген, сентябрь айына план 52,122 тонна болсо, бүгүнкү күндө 21,048 тонна камсыздалды.

ЧЕК АРАЧЫЛАРГА ҮЙ БЕРИЛДИ

Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек арачыларга кызматтык үйлөрдү тапшырды. Жаңы үйлөр Баткендеги «Кулунду» заставасындагы чек арачыларына тапшырылды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, чек арачылардын турак-жай комплекси 30 батирлүү болуп, турмуш-тиричилик техникалары менен толугу менен камcыздалган, Мындан сырткары, балдар ойноочу аянтча жана башка бардык шарттары бар.

Андан соң атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кулунду» чек ара заставасынын имаратынын абалын көрүп, аскерлердин жашоо-шарты менен таанышты.

Камчыбек Ташиев Баткен жергесине жасаган жумушчу сапарынын алкагында дагы бир топ аскердик имараттардын ачылыш аземдерине катышты.

СУДЬЯЛАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТҮҮДӨ

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргызстандын Судьялар Ассоциациясы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын, USAIDдин “Укук булагы” долбоорунун колдоосу менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында сот адилеттигине жетүү маселелери боюнча судьялардын эл аралык конференциясын өткөрүүдө. Конференцияга Кыргызстандын, Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Молдова Республикасынын, Тажикстандын жана Өзбекстандын сот системасынын өкүлдөрү, БУУнун Өнүктүрүү программасынын, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын, ЮСАИДдин жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Конференциянын негизги максаты-экологиялык укуктар жана сот адилеттиги жаатындагы саясатты ишке ашырууда сот тутумдары менен башка кызыктар тараптардын ортосундагы аймактык кызматташууну бекемдөө болуп саналат.

Жыйында президент Садыр Жапаровдун билдирүү сөзүн Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуп берди. Анын сөзүндө климаттын өзгөрүшү дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө, анын ичинде миң жылдык мөңгүлөрү бар Кыргызстанга да таасирин тийгизип жатканы айтылган.

 Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков өз сөзүндө жаратылыштын чек арасы, улуту, салт-санаасы, тили жана жеке кызыкчылыктары жок экендигин, экологиялык көйгөйлөр баарыбызды тынчсыздандырарын жана аларды  ушундай масштабдуу аракеттер менен  гана чечүү керек экендигин айтты.

Ал эми Кыргыз Республикасындагы демократия жана миссияны башкаруу бөлүмүнүн директорунун милдетин аткаруучу Дэвид Хунзикер мамлекет башчысына жана иш-чаранын уюштуруучуларына терең ыраазычылыгын билдирди.

ӨНӨКТӨШТҮК ТӨРӨТ ТОКТОТУЛДУ

Кыргызстандын төрөтканаларында айы-күнү жеткен аялдын күйөөсү же башка жакындарынын катышуусунда ишке ашуучу «өнөктөштүк төрөт» токтотулду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 15-сентябрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди.

Фракциянын мүчөсү, депутат Надира Нарматова “аял төрөп жаткан маалда ага күйөөсүнүн киргизилиши ислам динине жана башка динге туура келбей турганы, мындай нерсе каада-салтта да жоктугун» белгилеп, бул уруксатты жокко чыгарууну талап кылды.

“Аны өнөктөштүк төрөт деп коёт. Муну биз жокко чыгардык. Азыркы кезде төрөткө күйөөсү да кирбейт, башка жакындары да киргизилбейт”. – деп жооп берди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Кыргызстанда да өнөктөш төрөт 2010-жылдардан баштап киргизилген. Соңку жылдары өлкөдөгү төрөттөрдүн дээрлик теңине жакыны өнөктөш түрдө болуп калган. 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу убактылуу токтотулган.

Количество просмотров: 868