• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: ЖЭБде кырсык болуп, Бишкектин бир бөлүгү жылуулуксуз калды. ЖКга жаңы 2 депутат келди

2 Бирдин айы 2024 18:16 Бишкек Govori.TV

БИШКЕК ЖЭБДЕ АВАРИЯ БОЛДУ

Президент Садыр Жапаров 2-февралда Бишкектеги Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына барып, жылуулук борборундагы жарылуудан жабыр тарткан кызматкерден кабар алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президентке саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берип, зарыл болгон медициналык жардам толугу менен берилип жатканын белгиледи. Министрлик ЖЭБдеги жарылуудан беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөнүн, алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатканын жана эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлгөнүн маалымдаган.

Мамлекет башчы мунун алдында кырсык болгон Бишкек жылуулук борборунда болуп, бул жайдын авариядан кийинки абалы менен таанышкан. Анда ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча тапшырмалар берилген.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аварияга байланыштуу иш сапарын токтотуп, Алматы шаарынан Бишкекке келип, жеринде ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү.

Буга чейин өткөп маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айткан.

 Ал эми “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын директорунун орун басары Шаршенбек Сарыкеев Бишкек жылуулук электр борборунда 2-февралда болгон авариядан улам борбордо бир канча канча районго жылуулук берүү токтотулганын белгиледи.

 Энергетика министрлиги Жылуулук электр борборунда 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында авария болгонун кабарлаган. Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Мындан улам окуучулар, студенттер аралыктан окууга чыгарылып, бала бакчалар жабылган.

АБАКИРОВ МЕНЕН МАМАШОВА МАНДАТ АЛДЫ

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров менен экс-депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты болуп катталып, парламент депутатынын күбөлүгү менен төш белгиси берилди. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-февралдагы отурумунда кабыл алынды.

Алар диплом чырына байланыштуу мандатынан ажыратылган “Альянс” фракциясынын мурдагы депутаты Фарходбек Алимжановдун жана “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айыпталып камакта жаткан экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин ордуна келишти.

Боршайком ушул эле күнү өзү жазган арыздын негизинде Эмил Жамгырчиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

43 жаштагы Элдар Абакиров Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетин, Кыргызстан мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы “Казак темиржол транспорту илимий-изилдөө институту” ишканасында программист-аналитик болуп баштаган. 2019-жылы экономика министринин орун басары болгон.

36 жаштагы Айсулуу Мамашова VI чакырылышта “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон.

ЖУРНАЛИСТТЕРДИН БӨГӨТ ЧАРАСЫ ШААРДЫК СОТТО КАРАЛУУДА

Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык соту журналист Сайпидин Султаналиев, “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун кызматкери, акын Азамат Ишенбековду жана аталган жолбоордун кызматкерлери Акыл Орозбековду, Сапар Акунбековду,  Жумабек Турдалиевди камакта калтырды.

Журналист Султаналиев бийликти басып алууга чакырык жасаган деген айып аша чапкандык деген пикирин айтты.

Кечээ, 1-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Айке Бейшекееваны 2 айга камакта калтыруу чечимин чыгарган болчу.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиаларда иштеген 11 журналист жана кызматкерлер 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

ЧҮЙДӨ ЫМЫРКАЙДЫН ДЕНЕСИ ТАБЫЛДЫ

Бишкектин четиндеги “Эне-Сай” жаңы конушунун аймагында жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-февараль күнү саат 17:37 чамасында Аламүдүн РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн айылынын, Алма-Ата жана айланма көчөлөрүнүн кесилишинде жаны төрөлгөн баланын жансыз денеси табылды деп маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат Аламүдун РИИБне катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө башталган.

«Алдын ала териштирүү учурунда, ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында 20 жаштагы  жаран аныкталып, ал Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде 7 айлык эркек баланы жансыз абалда төрөгөнүн, эмне кылаарын билбей, курбуларынын кеңеши менен баланын жансыз денесин күрөң кутучага салып, Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсүнүн “Эне-Сай” жаңы конушунун аймагындагы талаага таштаганын билдирген», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 352