• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жээнбеков камакта калды. Мөөнөтү бүтөөрдө чыйпыйы чыккан депутаттар

4 Кулжа 2020 19:16 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

Бүгүн, 4-июнга карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берди. Бүгүнкү күнгө карата дагы 28 адам коронавирус менен катталган

8-ИЮНДА МЕЧИТТЕР АЧЫЛАТ

2020-жылдын 8-июнунан тарта Кыргыз Республикасында диний мекемелерге – мечиттерге, чиркөөлөргө жана намазканаларга барууга коюлган чектөөлөр алынып салынат. Мындай чечимди Республикалык штаб Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жана башка диний мекемелердин өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алды. Бирок атайы санитардык талаптар так аткарылышы керек.

КЕТКЕНГЕ КАМЫНГАН ДЕПУТТАРДЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы ишин жыйынтоо алдында турат. Белгилүү болгондой ушул жылдын октябрында парламенттик шайлоо болот. Мөөнөтү бүткүчө мыйзам долбоорлоруна колдоо алууну көздөгөн депутаттар арбыды.  

ИСАКОВДУ 20 ЖЫЛ КЕСҮҮ СУНУШТАЛДЫ

Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик тарых музейи менен Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды реконструкциялоо иштерине байланыштуу сот отуруму өттү.

ЖЭЭНБЕКОВ КАМАКТА КАЛДЫ

Бүгүн, 4-июнда, Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын карап чыгып, Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимин күчүндө калтырды. Ал абакта 18-июлга чейин кармалат.

ӨЗДҮГҮН ТАСТЫКТАГАН ДОКУМЕНТИ ЖОК ҮЙ-БҮЛӨ

Кыргызстанда төрөлүп, жашап бирок ошол эле учурда өздүгүн тастыктаган документи жок жарандарыбыз кездешет. Алардын ичинде өмүрүндө бир да жолу өзү тууралуу документке ээ болбогон, эч жерде катталбаган жарандарыбыз бар. Мына ушул көйгөйгө байланыштуу кененирээк алдыдагы материалда.

Количество просмотров: 1044