• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жогорку Кеңеш сайтын жаңылоого 4 млн коротот. Сот Жапаровдун тууганын абакта калтырды

21 Теке 2023 18:09 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДА КУРМАН БОЛГОНДОРДУН ЖАКЫНДАРЫНА СОЦПАКЕТ

Президент Садыр Жапаров Баткенде чек арада курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана майыптык алган жарандарга кошумча жөлөк пул, социалдык жеңилдиктерди берүү мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 29-июнда кабыл алынган.

Долбоордун негиздемесинде пособиени ай сайын 5 500 сомдон төлөө сунушталган, бирок так өлчөмүн министрлер кабинети инфляцияга карап бекитет. Болжол менен, 2021-жылдын апрелинде жабыркаган 77 адам, 2022-жылдын сентябрындагы кагылыштын кээрин тарткан 64 киши социалдык колдоого алына турганы жазылган. Жөлөк пул курман болгондордун балдарына 18 жашка чейин/ата-энесине пенсия курагына чейин (эгер жалгыз уул болсо өмүр бою), майыптык алгандардын өзүнө берилет.

Курман болгон адамдардын балдарына мамлекеттик бала бакчаларда жана ден соолукту чыңдоо жайларында кезексиз, акысыз орундар менен камсыз кылуу, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө кирүү үчүн квоталарды берүү каралат.

Мыйзамда белгиленген жогорудагыдай талаптар аткарылбаса мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин кызмат адамдары жоопко тартылат.

ПАРЛАМЕНТТИН САЙТЫ ЖАҢЫЛАНАТ

Жогорку Кеңештин сайтын жаңылоо үчүн 4 миллион сом сарптоо пландалууда. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Техникалык тапшырмада веб-порталды модернизациялоонун максаттары Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтын көлөмүн көбөйтүү, ачык-айкындуулукту, жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, ошондой эле жарандык коом менен кайра байланыш системасын жана башка модулдук инструменттерди киргизүү экендиги белгиленген.

ПРЕЗИДЕНТТИН ТУУГАНЫ КАМАКТА КАЛДЫ

Бишкек шаардык соту президенттин тууганы Улан Жапаров 26-июлга чейин №1 тергөө абагында камакта калтырды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ишти ИИМдин Тергөө кызматы иликтеп жатат.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деген шек менен президент Садыр Жапаровдун тууганы кармалганын 6-июлда тастыктаган. Анын айтымында, кармалган жаран Улан Жапаров. Өлкө башчы Садыр Жапаров шектүүгө карата бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү талап кылды.

Айрым ЖМКлар Улан Жапаров Садыр Жапаровдун аталаш бир тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу экенин жазышкан.

 “ДОРДОЙДО” БОМБА ТАБЫЛГАН ЖОК

«Дордой» соода комплексинин аймагындагы «Алкан» базарында бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Свердлов райондук милициясынын маалыматына ылайык, мындан мурда «102» кызматына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, милиция кызматкерлери базардын аймагын курчоого алышкан.

Базарга келгендер жана кызматкерлер эвакуацияланып, бомбаны ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору издешкен.

АЙДООЧУЛАРГА ЭСКЕРТҮҮ

Жарандар дем алыш күндөрү жол тыгындарын жаратпоо максатында Ысык-Көлдөн Бишкекке карай эртерээк жолго чыгышы керек. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кайрылуу жасады.

Алар өткөн аптадагыдай болбошу үчүн алдын ала чараларды көрүп жатканын айтышты.

«ЖКККББнын кызматкерлери дем алыш күндөрү айрыкча Бишкек — Ысык-Көл жолдоруна күчөтүлгөн тартипте кошумча постторду орнотуу менен жол тыгындарын жөнгө салышат. Катуу ылдамдыкта, мас болуп каршы тилкеге чыгып айдагандарга катаал чаралар көрүлөт», — деп айтылган маалыматта.

Милиция жол тыгындарын талдап чыгып, төмөнкүлөрдү эске алууну сунуштаган:

Эс алуучулардын автоунааларынын шаарды көздөй агымы абдан көп болгондуктан, кечкиге калбастан, эртерээк жолго чыгыңыз. Болбосо жол тыгынына туруп калышыңыз мүмкүн;

Чырпыкты жана Балыкчы жолдорун оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан жана ал жолдор бир багыттуу, тар экендигин, Ысык-Көлгө баруучу трасса бирөө эле экендигин эске алыңыздар. Ылдамдыкты ашырбаңыз, каршы тилкеге чыкпаңыз, башкалардын да жолдо жүрүшүнө тоскоолдук жаратпаңыз;

Балыкчы шаарына кире бериштеги айланма жолдо башаламан соода-сатык жүргөн жерге соода кылуу максатында автоунааңызды токтотуп, башкаларга тоскоолдук жаратып. жол тыгындарына себепкер болбоңуз.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Ысык-Көл – Бишкек багыты боюнча каттамда унаалар тыгыны жаралып, айрым айдоочулар жол эрежелерин бузуу менен каршы тилкеге да чыгышкан. Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы Ысык-Көлдөн Бишкекке кайткан унаалардын ичинен 360 айдоочуга айып салган.

Количество просмотров: 167