• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

К. Осмоналиев: «Матраимовго тиешелүү мүлк таппаган Финполдун жетекчилиги уяты болсо, кызматтан кетсин”

24 Кулжа 2019 16:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.06.2019.Govori.TV.

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Райымбек Матраимовго тиешелүү чет өлкөдөн мүлк табылган жок деген Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчиси Бакир Таировду жумушунан кетүүсүн талап кылды. Бул тууралуу «Govori.TVга» К. Осмоналиев билдирди.

“Азыр саясий абал абдан курч болуп жатат. Жогоруда айтылган билдирүү менен элди алдап болбойт. Матраимовдор акчалуу адамдар экенин билебиз. Эгерде каржы полициясынын жетекчилеринин уяты бар болсо, жумуштан өз эрки менен кетсе туура болмок”,-деди К. Осмоналиев.

Эскерте кетсек, 29-май күнү журналист Али Токтакунов Матраимовдордун мүлкү тууралуу репортаж даярдап, 2011-2017-жылдар аралыгында 700 миллион долларды сыртка чыгарып кетишкенин айткан.

Каржы полициясына Матраимовдордун мүлкүн иликтөө боюнча тапшырма февраль айында берилген.

Количество просмотров: 12