• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Көп кабаттуу үйдөгү өрттө 3 жашар бала каза болду

30 Аяк оона 20239:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Свердлов районундагы Чүй проспектисинде көп кабаттуу үйлөрдүн биринен тутанган өрттө үч жашар бала мерт болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлашынча, кырсык тууралуу 29-сентябрда, 17.35 кабар түшкөн.

“Өрт саат 17:51де чектөөгө алынып, саат 18:46да толук өчүрүлгөн. Батирдин балкону толук өрттөнүп, анын кесепетинен 2020-жылы туулган бала мерт болду”,-деп жазылган маалыматта.

Өрттүн тутанган себеби такталып жатат.

Количество просмотров: 186