• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 2 адам жабыркады

15 Жетинин айы 202514:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн таң эрте Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат түшкөндөн кийин саат 6:20дан тарта шаардык өрт өчүрүү бөлүктөрүнөн жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Көп кабаттуу үйдөн 50 жашоочу коопсуз жайга эвакуацияланган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен 08:50дө чектөөгө алынып, учурда өрт өчүрүлдү. Тилсиз жоо болжол менен 800 чарчы метрди каптаган.

Тилсиз жоодон эки адам жабыркап, учурда алардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Теги:
Количество просмотров: 134