• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга жаңы жетекчи келди

7 Аяк оона 202217:01 Бишкек Govori.TV

Советжан Асанкадыр Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп дайындалды.

Жаңы директорду эмгек жамаатка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спрот жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тааныштырды.

Буга чейин аталган окуу жайдын директору болуп Кыргыз Республикасынын эл артисти Тентимиш Мураталиев эмгектенип келген.

Мындан ары, Тентимиш Мураталиев аталган мектепте өсүп келе жаткан муундарга тарбия берүү жана кесипкөй адистерди тарбиялоого салым кошуу үчүн окуу жайда мугалимдик кесипти аркаламакчы.

Количество просмотров: 4432