• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Көрүнбөй үйдө отурам». Жапыкеев аны издегендерге үн катты

20 Бештин айы 202117:43 Бишкек Govori.TV

А мен болсо элди ойготуп коюп эми өзүм уктадым. Мындай пикирин Сыймык Жапыкеев фейсбук баракчасына жазып чыкты.

«Фейсбукта, Инстаграмда мени издегендер көбөйдү. Кайда жүрөт, эмне чыкпайт дегендер арбын. А мен болсо элди ойготуп коюп, эми өзүм уктадым. Ушинтип эле көрүнбөй үйдө отурам», — дейт Жапыкеев.

Эскерте кетсек, Сыймык Жапыкеев 2020-жылдын 17-октябрында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финполиция) төрагасы болуп дайындалган. 2021-жылдын март айынын башында ал Финполициянын жоюлуусуна байланыштуу кызматтан кеткен.

Марттын аягында Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалып кийин кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 2439