Эркин Тентишев КР Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды.
Аталган федерациядан билдиришкендей, кезексиз шайлоо конференциясы 14-сентябрда Бишкекте өттү.
Буга чейин Мелис Турганбаев президент болгон. Ал Парижде өткөн Олимпиада оюндарынан кийин өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Эркин Тентишев буга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Мындан тышкары, Эркин Тентишев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеген.