• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Көргөзмө: Ислам дининде дагы маданият, искусство бар «Видео»

8 Бештин айы 2017 16:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкекте Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада “Муса 2017” аттуу мусулман фото арт көргөзмөсү ачылды. Бул көргөзмөгө 20 ашык фото журналистердин, сүрөтчүлөрдүн жумуштары жана “Хусни Хат” жазууларынын коюлган экспонаттары көрсөтүлдү.

Уюштуучулардын бири Элиана-Мариям Сатарованын айтымында көргөзмө “Ыйман Адеп- Ахлак жылына” карата уюштрулган. Бул иш-чаранын негизги максаты жаштарга ислам дининде дагы маданият, искусство бар экендигин тааныштыруу.

Мындан тышкары, көргөзмөдө белгилүү теолог Кадыр Маликовдун “Ислам жана мамлекет”, “Мусулман жаштары” атту эки китебинин бет ачары болду. Өз учурунда ислам радикализмин каралап келген Кадыр Маликов, Ислам менен мамлекет бир өлкөдө кантип чогу жашай тургандыгы тууралуу жазган.

“Кыйын маселелер көп, кээ бирлерине мен коомдон жооп издеп жазганмын. Бирок ошенсе дагы китептерим көп суроолорду пайда кылып, кыйын талкууга алып келиши мүмкүн”-деди теолог.

Количество просмотров: 40