• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Көркөмү көз талдырган Көл-Төр көлү

27 Кулжа 202213:23 Бишкек Govori.TV

Көл-Төр мөңгүсү – Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 4,9 км. Кегети суусунун оң куймасы. Ал деӊиз деӊгээлинен 2730 метр бийиктикте жайгашкан.

Көк-жашыл түстөгү көлдү көрүш үчүн турусттер жана жергиликтүү тургундар көп келишет. Ал үчүн тер төгүп, 8 чакырым жердеги бийиктикти багынтууга туура келет. Көл коктунун төрүндө жайгашкандыктан Көл-Төр деп аталып калган.

Кегети капчыгайына орун алып, көркөмү көз талдырган өзөн менен толугураак төмөндөгү видеодон таанышыңыз.

Количество просмотров: 1393