• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Оюнга берилген адам өз туугандарына кол салган

20 Үчтүн айы 202515:30 Бишкек Govori.TV

Астанада 17-январь күнү таңкы саат 4тө Габидин Мустафина көчөсүндөгү жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 21 жаштагы тургун үй-бүлөсүнө кол салган.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, ал оюн ойноп жатканда анын телефонун алып коюшкан. Ушундан кийин ал ачууланган абалда эмоциясына туруштук бере албай, бардык туугандарынын кекиртегин кескен. Кырсык баары уктап жатканда болгон жана ал жакындарына кол салган.

Окуянын кесепетинен бир адам каза болуп, үч адам ооруканага жаткарылган. Ал эми шектүү кармалган.

Количество просмотров: 296