Бул тууралуу govori.tv агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясы маалымдады.
“Казакстанда дизель отуну иштебей жатат. Өзбекстанда дагы күйүүчү майдын таңсыктыгы сезиле баштады. Мына ошондуктан Орусия бензин менен дизельдин баасын жогорулатуу алдында турат. Бирок бизде күйүүчү май канча сомго кымбаттайт азырынча белгисиз. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деди”-нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлү.
Азыр май куючу жайларда АИ-92 маркасында бензин 30,70 сом, АИ-95 42 сом, дизель 38 сомдон сатылууда.