• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Көзүнөн, оозунан кан агып калган. Москвада 29 жаштагы кыргызстандыктын жансыз денеси табылды

18 Жетинин айы 2019 10:50 Бишкек Govori.TV

Россиянын Москва шаарында 29 жаштагы кыргызстандык жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу «Москва» маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматтарга караганда, жансыз дене 14-ноябрда Брестск көчөсүндөгү контейнерден табылган. Кыргызстандык жаран түрдүү жумуштарда иштеп келген.

«Денеси чирип, көзүнөн жана оозунан кан агып калган. Ал жаран 4 күн мурун каза болгон. Анын жанында алкоголдук ичимдиктин бөтөлкөсү жаткан», — деп айтылат маалыматта.

Соттук медициналык экспертиза каза болгон жарандын кабыргасы сынып, өпкөсү тешилгенин болжолдоду. Дене өлүкканага жеткирилди. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилип жатат.

Количество просмотров: 5229