• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Көз жумгандар «Түндүк электрдин» кызматкерлери болгон. Айланма жолдогу кырсыктын чоо-жайы

18 Жетинин айы 2021 9:56 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 17-ноябрда болжол менен саат 18:00дө Бишкек – Торугарт жолунун 29-чакырымында «Тойота Ипсум» жана «Түндүкэлектр» ААКга таандык «УАЗ» унаалары кагышкан. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, «Тойота Ипсум» унаасынын 1980-жылы туулган айдоочусу Б.К. унааны башкара албай каршы тилкеге чыгып, «УАЗ» маркасындагы унаа менен кагышкан жана ал өрттөнүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен «УАЗ» унаасынын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү алган жараатынан улам ошол жерде каза болушкан. Айдоочунун аты-жөнү белгисиз, экинчиси 1964-жылы туулган К.А. жана үчүнчүсү А.К. аттуу жаран.

Мындан тышкары, «Тойота Ипсум» жана «УАЗдын» 4 жүргүнчүсү Кант шаардык аймактык ооруканасына жеткирилген.

Количество просмотров: 16695