• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Күздөн тарта окутула турган «Дин таануу» сабагына мугалимдер али тандала элек

7 Теке 202215:56 Бишкек Govori.TV

Жаңы окуу жылдан тарта мектеп программасына кире турган «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча сабак бере турчу мугалимдерди кабыл алуу жүруп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жаңы окуу жылынан тартып өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин барына предмет кирет.

«Сентябрь айынан тарта «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети тагыраагы предметтик компоненти катары 9-класстарга киргизилет. Ал эми 7-8-класстарга апробация түрүндө киргизиле баштайт жана азыркы учурда ушул апробация түрүндөгү окутуу үчүн китептерди басып чыгарууга сынактар жарыяланды. Предметтик стандарттар бекиди. Өлкөдөгү баардык мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге кирет, бул предметтен теолог жана тарых мугалими деген квалификациясы бар жарандарыбыз сабак бере ала тургандай болуп даярдыктан өтүшөт. Азырынча өтө элек, бирок сабак берүүнү каалаган адамдар тиешелүү документтерин билим берүү мекемесине же райондук билим берүү башкармалыгына тапшырат. Анан алар мугалимдердин документтерин ИИМге жана УКМКга өткөрүп беришет. Ал жактан тийиштүү экспертизалар жасалат. Жана ошондой эле өзүлөрү да сүйлөшүүгө чакырылат. Ал жактан сабак бере ала турганы тууралуу негиздеме алган соң гана министрликтин базасына киргизилип, атайы окуу даярдыгынан өтүшөт. Эгер теологдор жетпесе тарых мугалимдери даярдыктан өтүшөт. Бул жерде ошол мектептеги гана тарых мугалими тартылбастан сырттан да тарых мугалимдерин жумушка тартууга шарт түзүлөт», — деп билдиришти министрликтен.

Азыркы учурда «Диндердин өнүгүү тарыхы” предметинен сабак берчү мугалимдердин документтерин кабыл алуу иши жүрүп жатат. Бирок, министрликтен бул иш качан аяктап мугалимдер атайы даярдыктан качан өтөөрү кабарланган жок.

Эске салсак, 8-июнда президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы мектептерге «Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Токтом боюнча өлкөнүн бардык мектептеринде жаңы окуу жылынан тарта 9-класстын окуучуларына «Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети окутула баштайт. Бул үчүн буга чейин иштелип чыккан окуу-методикалык комплексин толуктап, басып чыгаруу тапшырмасы берилди. Андан ары 7-8-класстын окуучуларына да предмет этап-этабы менен киргизилет.

«Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин окутуу укугу:

  • диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология жана окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты бар адамдарга;
  • кадрлар жетишпеген учурларда, тиешелүү педагогикалык квалификациядан өткөн “тарых мугалими” квалификациясы менен педагогикалык билими бар жарандарга берилет.
Количество просмотров: 1260