• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күздө жааган кар… Бишкекте маанай кандай?

6 Тогуздун айы 2021 13:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрда Бишкекте кар аралаш жамгыр жаады. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча туруксуз аба ырайы дагы бир нече күн уланат. Ал эми Бишкек шаарындагы күздө жааган кардан кийинки абал кандай экенин төмөнкү видеодон көрө аласыз.

Белгилей кетсек, 6-7-октябрда Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга байланыштуу чукул билдирүү таратып, үшүк жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынып бирок үстү жабылбаган картөшкө жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу экенин билдирди.

ӨКМдин маалыматына ылайык үшүк Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жүрөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болот. 

Количество просмотров: 458