• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кабат үйдөн чыккан өрттөн 20 адам куткарылды

12 Бештин айы 202416:17 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Өрт саат 15:04тө толук өчүрүлдү.

Бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь районунун 12-кичи районунда жайгашкан 9 кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:03тө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана АЛ-31 автошаты тартылган.

Куткаруучулар тарабынан 20 адам эвакуацияланып, 4 адам «тез жардам» кызматына кайрылган.

9 кабаттуу турак үйдүн 3-кабатынан чыккан өрттөн улам батирдин болжол менен 60 чарчы метр аянты күйгөн.

Количество просмотров: 213