• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Кабулдагы жардыруу: 6 адам өлүп, 13 адам жарадар болду

2 Аяк оона 202423:29 Бишкек Govori.TV


Бүгүн Ооганстандын борбору Кабулда террористтик жардыруу болду. Анын кесепетинен алты адам курман болуп, он үч адам жаракат алган. Бул тууралуу Ariana News полиция кызматына шилтеме кылуу менен кабарлады.

Жардыруу Кала-и-Бахтияр чөлкөмүндө болгон. Жанкечти жардыруучу куралды атайылап жардырганын полиция кызматкерлери билдиришти. Курман болгондордун арасында бир аял бар экендигин шаардык полициянын башчысы Халид Задран маалымдады. Бардык жарадар болгон адамдар ооруканага жеткирилген.

Бул жардырууну азырынча бир дагы уюм өз мойнуна ала элек. Террористтик иш боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.

Количество просмотров: 68