Бишкек.29.12.2017.Govori.TV
Ооган өкмөтү 28-декабрда борбор шаар Кабулдагы шийилердин маданий борборунда болгон жардыруудан бери дешенде 41 адам набыт кетип, 84 адам жабыркаганын маалымдады.
Жардырууга «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган.
Ооган президенти Ашраф Гани бул жардырууну «Исламга жана адамдардын баалуулуктарына каршы чабуул» деп айыптады.
Ички иштер министрликтин басма сөз өкүлү Насрат Рахими жардыруу маданий борбордо советтик аскерлердин Ооганстанга киришинин 38 жылдыгы белгиленип жатканда болгонун билдирген. Маараке маалында жанкечти имаратка кирип келип, өзүн жардырып жиберген. Андан кийин жардамга келгендер топтошкондо сыртта эки жардыруу болгон. Мурунтан жоочулардын негизги бутасы медиа каражаты болгон деген кабарлар тараган.