• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кадамжайда 80 га жер жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталды

13 Чын куран 2021 12:51 Бишкек Govori.TV

Прокурордук текшерүү учурунда Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагынан 80 га жайыт жердин жеке тараптарга турак жай куруу үчүн менчикке берилип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

«Белгилеп кетүүчү жагдай, жогорудагы айыл өкмөтү тарабынан жайыт жер 615 тилкеге бөлүнүп, алардын көпчүлүгүнө жарандар тарабынан жерге карата менчик тууралуу мамлекеттик актылар дагы алынып калган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан айыл өкмөттүн чечимдерин жана жеке менчик тууралуу укук таануучу документтерди жокко чыгаруу боюнча Баткен облустук административдик сотуна доо арыздар киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, жогорудагы факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 126