13-март күнү Кадамжай районунун Тегирмеч айылында 9-класстын окуучусу Н.Т. үйүндөгү мал сарайда асынып каза болгон.
Баткен ОИИБдин маалыматы боюнча бул окуя Кадамжай РИИБде каттоого алынып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
Буга чейин Turmush басылмасы окуя тууралуу жазган. Асынып алган окуучунун чоң энеси Бумариям Арзиеванын айтымында небереси ал күнү саат 17:00 чамасында асынып алган.
«Ошол күнү бир окуучу чакырып, китеп сурап келген экен. Аны менен эмнени сүйлөшкөн бизге белгисиз. Өлгөн күнү мектептен келип, телефонун зарядкага коюп, өзү чыгып кетиптир. Кичине неберем агасы сыртка чыгып кеткенден кийин анын телефонун ачып окуса, «бүгүн мушташ болот» деген смстер бар экен. Балам ошол күнү кечки саат 17:00 чамасында мал сарайдан асынган бойдон табылып жатат. Аны да дагы бир кичине неберем көрүп калып, «агам жипке оролуп алыптыр» деп чакырып келип калды. Чуркап барсак ошол абалда табылды. Телефонундагы смстер бүт өчүрүлгөн. Биз көргөнгө да жетишпей калдык. Мындан 1-2 ай мурда балдар менен ээн жерде мушташыптыр. Аны өзү жашырып айткан эмес. Оозу жарылып турса, сууктан окшойт деп маани бербептирмин. Чоң атасы билип калып, мектебине барып, «окуучуларыңар тынч эмес, жакшылап карагыла» деп, мугалимдерине, урган балдардын ата-энесине эскертип келген. Мугалимдер ошол эле учурда неберемдин да ата-энесин кошо чакырып, чогулуш өткөргөн. Ошондон кийин бир аз тынч болуп калышкан эле. Неберем чоң атасына «Эмнеге мектепке барып айтасыз, мени уят кылышат» деп сүйлөнүп калган. Андан мугалими акырын сураса, өзүнөн чоң балдар «өлбөй турган жерине ур» деп тепкилешкен экен. Денелерин көгөртүп, отура албай калгыдай урушуптур. Ошол окуядан 1-2 ай өтпөй баламды асынган абалда таап жатабыз», — деди ал.