• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кадамжайда мунай зат өндүрүүчү жайдан өрт чыкты

28 Тогуздун айы 202511:41 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда мунай зат өндүрүүчү жайдан чыккан өрт өчүрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Бүргөндү айылында мунай зат өндүрүүчү жайдан өрт чыккан.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 09:47дөн тарта өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсептер жөнөтүлгөн. Учурда жеринде 4 күжүрмөн эсеп иш алып барууда.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 117