• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кадамжайдагы инфекциялык ооруканын курулушу бир жума аралыгында бүтөт

8 Бештин айы 2020 16:03 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Кадамжай районундагы медициналык мекеменин курулушу жыйынтыкталуу алдында турат. Эки корпустан турган, 214 орунга ылайыкталган оорукана 5-7 күн ичинде пайдаланууга берилет.

7-декабрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусундагы сапарынын жүрүшүндө оорукананы кыдырып чыкты. Новиков курулушта бардык нормаларды сактоо жана куруучулардын иштөө шартын камсыздоо маанилүү экенин белгиледи.

Буга чейин Өзбекстан тез курулуучу конструкциялардан турган эки медициналык мекемени курууга көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Ооруканалардын бири – Бишкек шаарында, экинчиси Баткен облусунун Кадамжай районунда курулууда.

Количество просмотров: 58