• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Кадамжайдагы психоневрологиялык мекемеде мыйзам бузуулар аныкталды

26 Жетинин айы 202417:22 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 21-ноябрында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Аталган мекемеден билдиришкендей, мекемеде температуралык режим сакталган эмес. Стационардын коридорлорунда абанын температурасы болгону +5°С, уктоочу бөлмөлөрдө +11°Сден +13°Сге чейин. Мындан улам ал жердеги бейтаптар мекеменин ичинде сырткы кийим жана баш кийим менен жүрүүгө аргасыз болуп, уктоочу бөлмөлөрдөгү төшөнчүлөр антисанитардык абалда болгон.

Ошондой эле, тамак-аш боюнча да кемчиликтер аныкталган. Ашкананын кызматкерлеринин айтымында, кампадан жыйырма килограмм чийки эт алынганы менен иш жүзүндө сегиз килограмм гана эт кошулуп бейтаптарга тамак даярдалат.

Мындан тышкары, ашкананын бир кызматкеринин медициналык текшерүүдөн өттү деген маалымкаты жок болгон.

Белгиленген фактылар боюнча протокол түзүлүп, тиешелүү органдарга жиберилет.

Количество просмотров: 114