• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кадамжайдагы секелектин өлтүрүлүшү. Төртүнчү шектүү кармалды

9 Аяк оона 2022 22:23 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда жашы жете элек кызды өлтүрүүгө шектелген төртүнчү шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 8-сентябрында жашы жете элек кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка Кадамжай районунун жашы жете элек жашоочусу чакырылган. Ал мыйзамдуу өкүлүнүн жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган.

Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен суракка алынган жашы жете элек бала өзгөчө оор кылмыш ишин жасоого шектелип кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда.

9-сентябрь күнү Кадамжай райондук сотунун чечими менен кармалган жашы жете элекке карата эки айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.

Количество просмотров: 3626