• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Милицияга “бомба бар” деген 15тей билдирүү түшкөн

22 Кулжа 202615:01 Бишкек Govori.TV

22-июнда, күндүз Бишкек шаарындагы мамлекеттик объекттерге бомба коюлганы тууралуу 15тей билдирүү келип түшкөн.

Бишкек милициясы коопсуздукту камсыздоо үчүн тийиштүү чараларды көрүп, бомба коюлганы айтылган объекттердин аймактары тосмолонгон, ичиндеги кызматкерлер жана жарандар эвакуацияланган.

«Учурда көпчүлүк обьекттерде текшерүү иштери аяктады. Жардыргыч заттар коюлганы тууралуу маалыматтар такталган жок. Башка имараттарда текшерүү иштери уланып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 20