• Шаршемби 17 Кулжа 2026
  • Среда 17 Июнь 2026

Маршруткада кызды жашыруун телефонго тартмакчы болгон. Милиция текшерүү баштады

17 Кулжа 202616:57 Бишкек Govori.TV

17-июнда Бишкектеги микроавтобуста жаран көйнөкчөн кызды телефонго тартууга аркет кылган.

Интернетте тараган видеодо маршруткалардын биринде жигит жанында турган кыздын көйнөгүнүн астына телефонунун камерасын багыттап жатканын тартылган. Аны байкаган башка жүргүнчүлөр ал кишиден телефонундагы сүрөт галереясын көрсөтүүнү талап кылышкан, бирок ал баш тартып, микроавтобустан чыгып кеткен.

Окуя боюнча Бишкек шаардык милициясы тарабынан териштирүү иштери башталганын билдирди.

Маалымдалгандай, милиция кызматкерлери видеодогу жарандын өздүгүн тактоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 40