• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кадамжайдагы жол кырсыгы: 7 киши каза болду

21 Бугу 2022 19:48 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлиги Кадамжай районунун Чечме айылында катталган ири жол кырсыгында жабыркаган жарандар тууралуу маалымат берди.

Баткен облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун ыкчам маалыматы боюнча, жол кырсыгынан 14 адам жаракат алып, анын ичинен 7 киши каза болду.

«2 жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Ал эми ар кандай жаракат алган 5 жаран Айдаркендеги оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган»,-деп жазылат маалыматта.

Жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

Количество просмотров: 2043