Бишкекте муниципалдык автобустун катышуусунда жол кырсыгы болду. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн 26-ноябрда алдын ала маалыматтар боюнча, Барпы Алыкулов жана Жайыл Батыр көчөлөрүнүн кесилишинде (ЖЭБ-2 району) чыгыштан батышты көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан Мерседес Бенц жеңил унаасы №23 муниципалдык автобус менен сүзүшкөн.
8 адам жабыркап, алардын 5и автобустун жүргүнчүлөрү, 3 жүргүнчү жеңил унаада болгон. Алар ооруканага жеткирилди.
Окуя болгон жерде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ЖККБ кызматкерлери иштеп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын айдоочусу жол эрежесин бузган.