• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Оштогу жол кырсыгынан бир адам каза таап, жетөө жаракат алган

10 Бештин айы 202415:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош жолунда ири жол кырсыгы болгон. Аталган трассанын Өзгөн районундагы бөлүгүндө эки машиненин кагылышып, натыйжада бир жүргүнчү каза болгон. Жети жүргүнчү түрдүү жаракат менен Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Ош ОИИБинин маалыматына караганда, 9-декабрда саат беш жарымдар чамасында «Хонда Фит» үлгүсүндөгү жана КИА үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Ооруканага түшкөн эки адамдын абалы оор экендиги айтылууда.

Количество просмотров: 986