• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жол кырсыгынан бир адам каза болуп, экинчиси ооруканада

28 Тогуздун айы 202412:09 Бишкек Govori.TV

Бишкектин четинде жөө жүргүнчүлөрдү машина сүзүп кетип, бири каза болуп, экинчиси ооруканага жаткырылганын Бишкек ШИИБнен билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, 26-октябрь күнү саат 20:30дар чамасында “Kиa” үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 46 жаштагы М.М. унаасы менен Аламүдүн айылындагы Алма-Ата көчөсүндөгү жол чийининен жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен.

Окуя болгон жерден 78 жаштагы С.Б. аттуу жаран алган жараатынан улам каза тапкан. 8 жаштагы Т.М. ооруканага жаткырылган.

Текшерүү учурунда унаанын айдоочусу эс-учун жоготкон абалда болгон, кошумча кан алынып, соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Учурда айдоочунун аракетине укуктук баа берүү үчүн бардык зарыл экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 328