• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Кадастр» мекемесинин Өзгөн филиалынын бир нече кызматкерине айып тагылды

12 Теке 202416:08 Бишкек Govori.TV

Өзгөн районунун мурдагы айыл өкмөт башчысынын иши боюнча “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынын 6 кызматкерине айып тагылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Өзгөн районунун кызмат адамдарына жана жооптуу адамдарга карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Аталган фактынын негизинде 2024-жылдын 18-майында Өзгөн районунун «Жылалды» айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Өзгөн райондук филиалынын мурдагы жетекчиси – А.Р.Т. кармалган.

Мындан тышкары, өзүнчө козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынын 6 кызматкери К.З.К., Т.Т.Т., Б.М.А., А.К.М., Э.А.Д., Э.А.Т. кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 185