• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бабановду үй-бүлөсү менен жолуктурбай жатышабы?

14 Кулжа 2021 13:20 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Өмүрбек Бабановду жубайы жана уулу менен жолуктурбай жатышат. Бул тууралуу маалымат Бабановдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, анын жубайы Рита Бирбаева жана уулу Нурэмир Бабановго КРнын мыйзамдары менен каралган кездешүүгө уруксаат берүүдөн расмий түрдө баш тартылган.

“Жакындары менен жолугушууга тыюу салуу – бул укуктук жактан чектен ашкандык. Муну Өмүрбек Бабановго карата кыйноо катары кабыл алса болот. Мен жана уулубуз тергөөгө кандай тоскоолдук жаратмак элек?”, — деп билдирген Бабановдун жубайы.

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 31-майда «Кумтөр» ишине байланыштуу камалган. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») менен айыптап, 2 айга абакта калтыруу чечимин чыгарган. Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» иши боюнча өзүн күнөөсүз атап, коюлган айыптоолорду жараксыз, акылга сыйгыс катары баалап келет. 

Количество просмотров: 292