• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Назарбек Малаев ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

4 Баш оона 20259:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык Назарбек Малаев Евразия экономикалык комиссиясынын интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтында маалымдалды.

Назарбек Малаев 1982-жылы Баткен районунун Самаркандек айылында туулган. 2005-жылы Ош мамлекеттик университетин «мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча, 2009-жылы КР президентине караштуу Башкаруу академиясын «менеджмент» адистиги боюнча аяктаган.

2009-жылдан 2017-жылга чейин Каржы министрлигинде ар кандай кызматтарда, анын ичинде жетекчилик кызматтарда иштеген. 2017-жылдан 2021-жылга чейин ­— Соода саясаты башкармалыгынын лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы, КР Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын тарифтик эмес жөнгө салуу жана экспорттук контролдоо бөлүмүнүн башчысы.

2021-жылдан 2023-жылга чейин — президенттин администрациясында стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы, саясий жана экономикалык изилдөөлөрдү башкаруу реформаларына мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмдөрүндө, ошондой эле Евразия экономикалык союзунун иштери боюнча бөлүмдө иштеген. 2023-жылдан 2025-жылга чейин — экономика жана коммерция министринин орун басары. 2025-жылдын 30-июлунан тартып ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.

Буга чейин Данияр Иманалиев Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри болуп дайындалганы кабарланган.

Количество просмотров: 95