• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Кадыралиева: «Акылбек Жапаровдун экономиканы өстүрүүнүн заманбап жолдорун издөөгө деңгээли жетпей жатабы?»

20 Үчтүн айы 2023 15:55 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабиетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ичүүчү суу үчүн төлөмдүн суммасын көтөрүү тууралуу сунушуна, мурдагы депутат Ыргал Кадыралиева өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу пикирин билдирди.


«Кечээ, Акылбек Жапаров таза суу тарифтик саясаты өзгөрүүгө муктаж экендигин айтты. Бирок баардык учурда өлкөнүн капчыгын карапайым элдин эсебинен толтурам деген аракеттер калың элдин нааразылыгына алып келген. Өлкө капчыгын элге салыкты кобойтуу менен толтуруу чоң катачылык экенин дүйнөлүк практика көрсөтүп турат. Акылбек Жапаровдун экономиканы өстүрүүнүн заманбап жолдорун издөөгө деңгээли жетпей жатабы? Өнүккөн мамлекеттердин баары креативдүү экономика жана жашыл экономика (зеленная экономика) багытында өтө чоң жумуштарды жасап, жаңы технологияларды күнүмдүк жашоосуна киргизүү менен мамлекеттин жана элдин капчыгын толтуруп жатса биздин өкмөт эски ыкмалар менен эле баратат»,-деп жазды Кадыралиева.

Количество просмотров: 653