• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Жапаров: Өлкөдө 2021-жылы электрондук коммерция рыногунун кирешеси 490 млн  АКШ долларын түздү

23 Кулжа 2023 12:52 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дүйнөдөлүк ири маркетплейстер “E-COMKG 2023” кыргыз товарлар бизнесинин эл аралык көргөзмө-форумуна катышты.

Учурашуу сөзүндө Акылбек Жапаров Министрлер кабинети Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө чоң кызыкдар экенин белгиледи.

“Ар бир өлкөнүн экономикасы жана мезгили экономикалык циклдер менен сүрөттөлөт. Буга байланыштуу жыл сайын технологиянын өнүгүшү менен циклдердин узактыгы кыскарат. Акыркы мезгилде экономикалык циклдердин азайышынын себептеринин бири ИДПнын структурасындагы технологиялык өзгөрүүлөр болуп саналат. Ар бир тармактын – айыл чарбанын, өнөр жайдын, тейлөө секторунун өзүнүн технологиялык циклдүүлүгү бар”, — деп белгиледи Жапаров.

Ал кошумчалагандай, азыр “ресурстук экономикадан процесстик экономикага өтүү” жүрүп жатат.

“Биздин дүйнө глобалдык санариптик трансформациядан өтүп жатат, анын кесепеттерин алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Жасалма интеллект, кванттык компьютерлер, криптовалюта жана башка технологиялык тенденциялар эртеңки күндү кечээгидей кылбайт”, — деди ал.

Жапаров электрондук соодада жасалма интеллект технологиялары активдүү колдонулуп жатканын кошумчалады.

«Кечээ» биз Chat GPTни мамлекеттик кызматтар үчүн колдонуу канчалык ыңгайлуу болоорун активдүү талкууладык, а «бүгүн» болсо миңден ашуун илимпоздор жана технологдор, анын ичинде Илон Маск дагы, адамзат үчүн коркунуч туудурган жасалма интеллектти өнүктүрүүнү токтотууга чакырып жатышат. Популярдуу маркетплейс мага байпак сатып алууга убакыт келди дейт, мен кийип жүргөндөрүм эбак эле эскирип калганына таң калдым. Жасалма интеллект менин кызымдан көбүрөөк билиши мүмкүнбү? Же ал жөн эле камкорбу?”, — МинКаб Төрагасы.


Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы дүйнөлүк электрондук коммерция тездик менен өсүүнү улантып жатканын белгиледи.

“Аналитиктердин айтымында, 2025-жылга карата электрондук коммерцияны чекене сатуунун көлөмү дүйнөдө 7,3 трлн АКШ долларын түзөт, азыр 4,9 трнду түзүп, өсүш 30%дан ашты”, — деп айтты ал. 

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү бизнести өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өлкөнүн социалдык өнүгүүсү үчүн зор потенциалга ээ экенин белгиледи.

“Кыргызстан аркылуу өткөн, Чыгыш менен Батышты байланыштырган Улуу Жибек жолу соода жолу гана болбостон, ар түрдүү элдердин маданиятын, билимин, идеяларын алмашуунун каражаты болгон. Бүгүн, санариптик революциянын доорунда биз улуу Жибек Жолунун кайра жаралышына күбө болуп жатабыз, бирок жаңы формада – электрондук коммерция аркылуу. Маркетплейстер – жаңы санарип кербендери!”, — деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле “Вайлдберриз” жана “Озон” сыяктуу маркетплейстердин келиши республиканын кийим тигүүчү өнөр жайынын өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизгендигин белгиледи.

“2023-жылдын 4 айында эле Вайлдберриз платформасы аркылуу экспорт 1,2 млрд рублду түздү, ал эми 2022-жылы бүтүндөй 509 млн рублду түзгөн болчу, кеминде 4 эсеге өстү жана ал 4 айда. Жалпысынан Кыргызстанда 2021-жылы электрондук коммерция рыногунун кирешеси 490 млн  АКШ долларын түздү”, — деп билдирди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы электрондук коммерция чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салуу максатында “Электрондук коммерция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын тармактык Мыйзамына кол коюлганын, ошондой эле Салык кодексине электрондук коммерция тармагындагы атайын бөлүм кошулганын билдирди.

“Бизди кубандырган дагы бир жагдай, аялдар арасында ишкердикти өнүктүрүү. Өз продукциясын интернет аянтчалар жана социалдык тармактар аркылуу сатуу мүмкүнчүлүгү аларга көбүрөөк көз карандысыздыкты, үйдөн чыкпастан өзүн көрсөтүү жана финансылык туруктуулукка жетишүү мүмкүнчүлүгүн берет”, — деди ал.

Жыйынтыгында Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргыз Республикасы трансулуттук хабтарды, бажы кампаларын жана логистикалык инфраструктураны түзүү аркылуу транзиттик потенциалды өнүктүрүүнү жактай турганын белгиледи.

“Өкмөт өлкөнү аймактык жеткирүү чынжырына кошуунун үстүндө иштеп жатат. Кыргызстан азыртан эле “Бир алкак, бир жол” долбооруна активдүү катышууда. Бул Кытайдан Европага жүк ташууну жеңилдеткен масштабдуу демилге. Бүгүнкү аянтча бизнес байланыштарды түзүүгө, транс чек аралык логистика тармагында жаңы багыттарды алмашууга, инновациялык чечимдерди издөөгө жана биздин өлкөдө электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк экендигине ишенем. Мен Министрлер Кабинетинин Төрагасы сиздердин бардык демилгеңиздерди колдоого даярмын жана талкууга ар дайым ачыкмын. Биз биргеликте электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу жана атаандаштык чөйрөнү түзө алабыз”, — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 75