• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Кадыровдун 18 жаштагы баласы министрдин орун басары болду

11 Жетинин айы 202314:07 Бишкек Govori.TV

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун улуу баласы Ахмат Кадыров Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрдин биринчи орун басары болуп дайындалды. Ахмат 8-ноябрда 18 жашка чыкты.

Жаңы дайындоо боюнча кабар жарыяланган жок, бирок Рамзан Кадыров Телеграм-каналында сүйлөп жатып, Ахматтын жаңы кызматы жөнүндө айткан.

Кавказ.Реалии буга чейин министрдин орун басары кызматында Хусейн Абдулкаримов ээлеп турганын жазды. Редакция расмий буйруктарды анализдеп, 8-ноябрда Абдукаримов кызматынан төмөндөп, жөн гана министрдин орун басары болуп калганын тактады.

Буга чейин Ахмат Кадыров Чеченстандын башчысынын жардамчысы жана кремлчи жаштардын “Движения первых” уюмунун аймактык жетекчиси болгон.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 152