Бишкек.20.07.2019.Govori.TV.
Кечээ, 19-июлда Бишкекке орусиялык ырчы жана алып баруучу Ольга Бузова келген. Ал борбордогу лаунж бардын ачылышына карата уюштурулган концертке атайын конок катары чакырылган. Концерттен кийин уюштуруучулар ырчыга саймалуу чепкен, ак калпак жана камчы тартуулаган. Уюштуруучулардын бул кадамы көпчүлүктүн талкуусуна алынды.
Интернетке тараган видеодо Ольга Бузова конок бөлмөсүнөн тартуулаган белектерди кийип көрүп, камчыны бир нече жолу жерге, үстөлгө дагы чапканын көрүүгө болот.