Адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-март күнү саат 20:00лар чамасындаНовопавловка айылындагы чайканада жарандардын ортосунда чыр чыгып, анын натыйжасында үчөө бир кишиге кол салып, сабап, бир нече жолу бычак менен сайып салышкан.
«Окуя болгон жерге Ленин РИИБдин ыкчам тергөө тобу барды. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча катталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери борбор калаанын милиция кызматкерлери менен биргеликте шектүү катары 3 адамды аныктап, кармашты. Тергөө жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.