• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кагаздиев: Кыргызстанда дары-дармектин 3 айлык запасы бар

14 Жалган куран 202216:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда эки-үч айга жете турган дары-дармектин запасы бар. Бул тууралуу Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин башчысы Нурдин Кагаздиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Азыр мониторинг жасап жатабыз, дарылар жок болуп кете тургандай көрүнүш жок. Фирмаларда эки-үч айга жете турган дары-дармек бар экен. Азыр баага көзөмөл жүргүзүүнү убактылуу токтотуп туралы деп жатабыз. Анткени доллар өскөнүнө байланыштуу фирмалар өздөрүнө пайдасы жок дарыларды алып келбей коюшу мүмкүн», — деди Кагаздиев.

Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында доллардын баасы өскөнүнө байланыштуу дары-дармек баасы да өсүшү ыктымал экени кошумчаланды.

Количество просмотров: 158