• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кахраманмараш шаарында боз үйлөр тигиле баштады

13 Бирдин айы 202316:23 Бишкек Govori.TV

Түркиянын Кахраманмараш шаарында жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн Кыргызстан тарабынан жөнөтүлгөн боз үйлөр тигиле баштады.

Маалым болгондой, буга чейин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн биринчи топ менен 67, ал эми экинчи топ менен 80 куткаруучу, 6 дарыгер, 75 боз үй жана боз үй тигүүчүлөр жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Количество просмотров: 1656