Кайгуу кызматкерине кол көтөрүп, баш ийбей унаасын айдап кетип калган айдоочу кармалды. Бул тууратуу Бишкек шаары боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдири.
«Бүгүн саат 13:10дор чамасында Пушкин жана Бобулова көчөлөрүнүн кесилишинде Кайгуул кызматкерлери жол эрежесин бузгандыгы үчүн чет элдик мамлекеттик номуру тагылган «Toyota Alphard» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочу кызматкерлердин токтотуу боюнча мыйзамдуу талабына баш ийбей, качып кеткен», — деп билдиришти милициядан.
Патрулчулар укук бузуучунун артынан түшүп, унаасын токтотушкан, бирок айдоочу каршылык көрсөтүп, сөгүнүп, милиционерди уруп жиберген. Андан соң 35 жаштагы С.М. машинасына отуруп, айдап кеткен. Ал кишини ЖКККБнын башка кызматкерлери кармап, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына алып кетишкен. Унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилди.