• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн баланын үйүн таап, ата-энесине жеткиришти

15 Теке 2021 13:26 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн баланын үйүн таап, ата-энесине жеткиришти.

Аталган кызматтан кабарлашкандай, 14-июлда болжол менен саат 19:00дө Киев көчөсүнөн коомдук транспорттун (автобус) айдоочусу кайгуул кызматкерлерине кайрылган. Анда 5 жаштагы Байхан аттуу жаш бала коомдук унаада көптөн бери отурганын, кайда барарын билбей адашып жүргөндүгүн кабарлаган.

Милициянын кайгуул кызматкерлери Биринчи май райондук милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштешүү бөлүмүнүн кызматкерлерин чыкырып, алар менен бирге баланын жашаган дарегин таап, ата-энесине аман-эсен жеткирип беришкен.

Количество просмотров: 49