• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте милиция адашып кеткен 3 жашар баланы таап берди

3 Жетинин айы 20209:42 Бишкек Govori.TV

Бишкекте милиция адашып кеткен 3 жашар баланы таап берди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-ноябрда болжол менен саат 17:00 чамасында Бишкек ШИИББнын»102″ кызматына Боталиев көчөсүнөн кичинекей бала жоголду деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2017- жылы туулган А. аттуу жаш баланы эжеси издеп жүргөндүгү белгилүү болгон.

«Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери Абдраимов А. жана Алдаяров О. ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде адашып жүргөн жаш баланы таап Свердлов райондук ИИБнын ыкчам кызматкерлерине жеткирип беришти. Ал жактан жаш баланын апасы келип, алып кетти»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 85