• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кайгуул милициясы депутат Тазабек Икрамовго айып салды

10 Кулжа 2022 10:28 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго коопсуздук курун тагынбай унаа айдап баратканы үчүн айып салынды. Бул туурасында Бишкектин Кайгуул милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, депутат ЖМКлардын бирине берген маегинде эреже бузуп, унаа айдап баратканы тартылган. Депутатка тийиштүү протокол толтурулуп, 1000 сом айып салынган.

«Жогорку Кеңештин депутаты катары жоопкерчилик тартпоого мыйзам жол берет. Коомчулуктун сын пикирин эске алуу менен мыйзамды сыйлаган эл өкүлү катары жоопкерчиликти алып, өзүнө карата түзүлгөн протоколго макулдугун берди», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 517