• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кайгуулчулар 2 саатта 180 миң сомдон ашык айып пул салышты

19 Бирдин айы 202516:29 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Кайгуул милиция башкармалыгынын кызматкерлери каршы тилкеге ​​чыккан айдоочуларга 2 саатта 180 миң сомдон ашык айып пул салышты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Instagram социалдык тармагында видео жарыяланып, анда Лев Толстой көчөсү менен кесилишкен Бакаев көчөсүндө унаалар каршы тилкеге ​​чыгып айдап жатканын көрүүгө болот.

Жол инспекторлору окуя болгон жерге дароо барып, жол кыймылынын эрежелерин бузган транспорт каражаттарын аныктап, мыйзамга ылайык айдоочуларга 15 000 сом өлчөмүндө айып салынган.

Количество просмотров: 320