• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарында кийик аткан адамдарга 640 миң сом айып салынды

29 Баш оона 202513:03 Бишкек Govori.TV

Нарында мыйзамсыз кийик аткандарга 640 миң сом айып салынды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, кечээ, 28-августта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Арпа өрөөнүндөгү Сөөк жайлоосунда жарандар мыйзамсыз аң уулоого чыгып, 2 тоо эчкисин атышкан. Текшерүү учурунда, жергиликтүү тургундардын бири атып алган эчкинин этин жашыруу максатында этти суу жээгине ыргытып жибергени аныкталса, экинчи эт короосунда илинип турган. Жеринде акт түзүлүп, далил буюм катары атылган эчкилердин эти Ат-Башы РИИБне териштирүү максатында өткөрүлүп берилди.

Аталган факт боюнча тоо эчкисин аткан жарандарга 20 миң сомдон административдик айып салынып, 300 миң сомдон доо, жалпы 640 миң сомдук айып салынган.

Количество просмотров: 489