• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кайненеси менен аялын бычактаган жаран өзүнө дагы кол салган. Окуянын чоо-жайы

16 Тогуздун айы 2020 15:12 Бишкек Govori.TV


Токмок шаарында үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда үч киши бычакталды. Үрөй учурган кылмыштын чоо-жайын Govori.TVга жабыркаган үй-бүлөнүн жакын туугандары айтып берди.

Өзүнүн аты-жөнүн атагысы келбеген жабыркаган үй-бүлөнүн тууганы учурда айрым ЖМКларда «кайненеси күйөө баласына бычак сайган» деген туура эмес маалыматтар тарап жатканын айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Бычак жеген 46 жаштагы аял биздин жакын тууганыбыз болот. Негизинен анын кызы К.М. менен Н.А. аттуу күйөө баласынын ортосунда чыр чыккан. Алар 3 жыл Орусияда иштеп, жакында эле Токмок шаарына келишкен болчу. Ортосунда эки баласы бар. Буга чейин деле жубайын тынбай уруп-сабап кол көтөрүп жүргөн. Ошондон улам келинчеги жолдошуна ажыраша турганын айткан. Орусиядан келгенден кийин аны төркүнүнө жеткирип салган. Арадан 10 күн өтпөй, мас абалда кайненесинин үйүнө барган. Күйөө баласы келинчеги экөөнүн ортосундагы пикир келишпестикке кайненесин айыптаган. Сүйлөшүп отурган учурда сол чөнтөгүнөн маки алып чыгып, 47 жаштагы кайненесинин кекиртегине 3 жолу бычак сайган. Ал эми апасына болушкан келинчегинин далысына 10 жолу бычак урган. Ошол эле учурда «өлсөк экөөбүз чогу өлөбүз» деген максатта өзүнө-өзү бычак сайган. Келинчеги К.М. суу сурамыш болуп, сыртка качып чыгып көчөдөгүлөрдөн жардам сураган. Сыртта тургандар шектүүнү кармап калышкан. Видеодо ал кылган ишин мойнуна алып жатканын көрүүгө болот»,-деди Токмок шаарынын тургуну.

Ал эми Чүй облустук ички иштер башкармалыгына байланышканыбызда учурда окуянын чоо-жайы териштирилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатканын айтышты.

«Чыр-чатакка катышкан үч жаран ооруканада милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда жатат. 12-октябрь күнү болжол менен саат 00:36да Токмок шаардык милициясына Токмок шаарынын аймактык ооруканасына бычактан жаракат алган үч жаран түшкөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факт Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Зарыл болгон экспертизалар дайындалган»,-деп билдирдишти Чүй ОИИБден.

Количество просмотров: 757